Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРГА ДОКУМЕНТ ТАПШЫРУУ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАДЫ

ӨЗБЕКСТАНДА ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРГА ДОКУМЕНТ ТАПШЫРУУ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАДЫ

 806 Бардыгы /

8-июлда Өзбекстанда жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) документ тапшыруу учурунда олуттуу көйгөй жаралды. Күбөлөр жарыялаган сүрөттөрдөн Ташкент, Жизак, Анжиян жана Ферганада жүздөгөн кишилер ЖОЖдордун алдында кезек күтүп турганын көрүүгө болот.

Күн ысыкта көпкө кезекке турган төрт абитуриент эс-учун жоготкон.

Такталбаган маалыматтарга караганда, Мамлекеттик тестирлөө борборунун компьютердик программасы үзгүлтүккө учураган.

Ушундай эле маселе 8-июлда Анжиян жана Ферганада да жаралган.

Мамлекеттик тестирлөө борборунун өкүлдөрү компьютерлердин иши үзгүлтүккө учураганы тууралуу маалыматтарды четке кагышты. Алардын айтымында, документ тапшыруудагы өзгөрүүлөр тууралуу көпчүлүктүн кабары жок болгондуктан, абитуриенттерди тейлөө жай жүрүүдө.

Жаңы эрежелер боюнча өзбек абитуриенттери бир эле багыт боюнча үч жогорку окуу жайга документ тапшырууга мүмкүнчүлүк алышкан. Ошол эле маалда тест бир гана жолу болот.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17