Аймак

НУР-СУЛТАН: СОТ ЧЕЧИМДЕРИНЕ НААРАЗЫ БОЛГОН ЖАРАНДАР НАЗАРБАЕВДИН КАНЦЕЛЯРИЯСЫНА БАРЫШТЫ

НУР-СУЛТАН: СОТ ЧЕЧИМДЕРИНЕ НААРАЗЫ БОЛГОН ЖАРАНДАР НАЗАРБАЕВДИН КАНЦЕЛЯРИЯСЫНА БАРЫШТЫ

 750 Бардыгы /

10-июлда Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында сот чечимдерине жана күч түзүм кызматкерлеринин аракеттерине нааразы болгон жыйырмадан ашык жаран өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин канцеляриясына барышты.

Чогулгандардын айтымында, бир аз мурда канцеляриянын өкүлдөрү алардын таркап кетүүсүн талап кылып, болбосо кармала тургандыктарын эскертишкен. Бирок адамдар өз көйгөйлөрү тууралуу жазган арыздарын калтырып кетүү үчүн имарат ичине киргизүүнү талап кылышууда.

Акцияга полиция кызматкерлери жана жарандык кийимчен адамдар көз салып жатышат. Мындан тышкары имаратка жакын жерге үч кызматтык автобус токтотулган.

Экс-президенттин канцеляриясынын алдына чогулгандардын айрымдары эч кандай опозициялык кыймылдарга тиешеси жоктугун, болгону «адилеттүүлүк издеп» жатышканын белгилешти. Алар жарандарга карата козголгон «жасалма кылмыш иштерине» каршы чыгып жатышканын айтышууда.

Ал ортодо баш калаага Алматыдан барган топтун башчысы Санавар Закирова кармалганы жана чогулгандар активисттин бошотулушун талап кылып жатканы айтылууда.

Ушул эле адамдардан турган топ 9-июлда президенттик администрациянын алдына чогулуп, өлкө башчы Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууну, ошондой эле Жогорку соттун төрагасы Жакип Асановдун кызматтан алынышын талап кылышкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17