Аймак

ИИМДИН ТЕРГӨӨ КЫЗМАТЫ АТАМБАЕВДИ ЭКИНЧИ ЖОЛУ СУРАККА ЧАКЫРДЫ

ИИМДИН ТЕРГӨӨ КЫЗМАТЫ АТАМБАЕВДИ ЭКИНЧИ ЖОЛУ СУРАККА ЧАКЫРДЫ

 909 Бардыгы /

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы чакыруу жиберди. Бул тууралуу мурдагы президенттин тарапкерлери билдиришти.

Маалыматка караганда, чакырууну милиция кызматкерлери 10-июлда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жеткирип беришкен. Анда Атамбаев күбө катары 11-июлда эртең менен Тергөө кызматына барышы керектиги жазылган.

Ушуну менен ага экинчи жолу чакыруу жиберилди. Биринчиси 8-июлда берилип, ал кезде Атамбаев Кой-Таштагы үйүнүн алдында чогулуп турган тарапкерлери менен жолугушууга чыккан учурда суракка барбай турганын айткан. Буга азыркы бийликке ишенбестигин жана мыйзамсыз иштер орун алып жатканын жүйө келтирип, бардык суроолор боюнча өзүнүн юридикалык өкүлү Сергей Слесаревге кайрылууну сунуш кылган.

Слесарев Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына кайрылуу жиберип, Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыратуу боюнча парламенттин чечими мыйзамсыз экенин билдирип жатат.

ИИМдин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу быйыл жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтөөдө.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамынан ажыраткан.

Ага чейин, 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча жеке өзү тапшырма бергенин билдирген.

Мурдагы президент жана анын тарапкерлери муну ага «көө жабуу» аракети катары сыпатташкан. Анын ондогон тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы үйүндө топтолуп турушат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17