Аймак

ҮЧ ТОННАДАН АШЫК КАРА КУУРАЙ ЖОК КЫЛЫНДЫ

ҮЧ ТОННАДАН АШЫК КАРА КУУРАЙ ЖОК КЫЛЫНДЫ

 1,520 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Республикалык масштабта өткөрүлүп жаткан эл аралык наркотикага каршы «Паутина» иш-чарасынын алкагында,Тогуз-Торо жана Аксы РИИБдин кызматкерлери тарабынан жапайы кара куурайлар жок кылынууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул иш-чараны жүзөгө ашыруу максатында Тогуз-Торо районунун аймагында жапайы өскөн жалпы – 7 гектар аянттан кара куурай чабылып, 2 тоннага жакын кара куурай өрттөлдү. Ал эми Аксы районунун аймагынан 1,5 тоннадан ашык кара куурай чабылып, өрттөө жолу менен жок кылынды.

Бул профилактикалык иш-чарага милициядан сырткары айыл өкмөттөн, элдик кошуундан, жергиликтүүтургундардан жана чек аралаш жайгашкан аймактардын чек ара кызматынын  жоокерлери да катышып, жеринде актылар түзүлдү.

Мындай иш-чара облустун башка шаар-райондорунда дагы  өткөрүлүүдө.

 

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17