Аймак

ГРЕЦИЯДА КАТУУ ШАМАЛДАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ТУРИСТТЕР АЖАЛ ТАПТЫ

ГРЕЦИЯДА КАТУУ ШАМАЛДАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ТУРИСТТЕР АЖАЛ ТАПТЫ

 837 Бардыгы /

Грециянын түндүк-батышындагы Халкидики жарым аралында катуу шамаалдан кеминде эле алты турист өлдү, алардын экөө – орусиялык. “Рейтер” агенттиги кабарлагандай, Неа-Потидея аймагындагы мейманканадан алыс эмес жерде бир киши жана анын эки жаштагы уулуна бак кулаган.

Греция басылмалары ажал тапкан туристтердин арасында Чехия жана Румыния жарандары бар экенин жазышууда. Алдын ала маалыматтар боюнча шамаалдан чехиялык жубайлардын автоунаасы оодарылып кеткен. Неа-Плагия шаарчасындагы ресторандын чатырынын бир бөлүгү кыйрап, румыниялык аял жана анын сегиз жаштагы уулунун үстүнө түшкөн.

Катуу бороондун кесепетинен жүздөн ашуун киши ар түрдү жараат алды. Жергиликтүү бийлик жарым аралга өзгөчө кырдаал киргизди.

Мөндүр, бороон коштогон аба ырайы Грециядагы 40 градус ысыкты алмаштырды. Испаниянын түндүгүндө, Франциянын түштүгүндө, Италияда жана бир катар балкан өлкөлөрүндө да катуу шамаал болду.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17