Аймак

ТАЖИКСТАНДА СИМ-КАРАТАЛАРДЫ ЖАҢЫ ҮЛГҮДӨГҮ ПАСПОРТТОРГО КАТТАТУУ МӨӨНӨТҮ 1-АВГУСТТА АЯКТАЙТ

ТАЖИКСТАНДА СИМ-КАРАТАЛАРДЫ ЖАҢЫ ҮЛГҮДӨГҮ ПАСПОРТТОРГО КАТТАТУУ МӨӨНӨТҮ 1-АВГУСТТА АЯКТАЙТ

 844 Бардыгы /

Тажикстанда сим-карталарды жаңы үлгүдөгү паспортторго каттатуу мөөнөтүнүн аякташына бир жарым ай калды. Бирок Орусияда иштеген тажик мигранттарынын көбү мекенине барууга мүмкүнчүлүктөрү жок болгондуктан, сим-карталарынан ажырап калышы мүмкүндүгүн билдиришүүдө.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, сим-карталарды эми жаңы паспортторго гана каттатууга болот. 1996-жылкы үлгүдөгү паспорт колдонгон жарандар 1-августка чейин пластик паспорт алып, сим-карталарын кайрадан каттоодон өткөрбөсө, номурлары жараксыз болуп калат.

Мигранттар Орусияда ID-карталарды алууга мүмкүн эмес экенин билдиришүүдө.

Душанбенин 30 жаштагы тургуну учурда Орусиянын Тамбов облусунда иштеп жүрөт. «Мен курулушта иштейм, жумуш берүүчү Тажикстанга барып келишиме уруксат бербейт, ага акчам да жок. Үйгө күзүндө барайын деп жаткам, бирок сим-картам ага чейин жараксыз болуп калат экен», — деди ал.

Мигранттардын айтымында, алар бардык туугандары, тааныштары билген номурларын сактап калууну каалашат.

Эксперттер бийлик мындай чечим кабыл алуунун алдында сыртта иштеп жүргөн жарандарын дагы ойлонушу керектигин билдиришүүдө. Азырынча тиешелүү бийлик өкүлдөрү бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17