Аймак

ИМАН КАРИМОВА ӨЗБЕКСТАНДЫКТАРДЫ АПАСЫН БОШОТУУ ДЕМИЛГЕСИНЕ КОШУЛУУГА ҮНДӨДҮ

ИМАН КАРИМОВА ӨЗБЕКСТАНДЫКТАРДЫ АПАСЫН БОШОТУУ ДЕМИЛГЕСИНЕ КОШУЛУУГА ҮНДӨДҮ

 1,022 Бардыгы /

Түрмөдө отурган Гүлнара Каримова 7-июлдан 10-июлга чейин кызы Иман Каримова менен узак убакытка жолугушуу мүмкүнчүлүгүн алды. Бул тууралуу Өзбекстан ИИМинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы билдирди.

Иман Каримова апасы менен жолуккандан кийин Инстаграм аркылуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылды.

Имандын билдиришинче, гипертониялык кризден кийин апасынын жүрөк оорусу күн сайын кармап жатат. Ал Гүлнаранын пролактини кескин көтөрүлүп кеткенин, бул мээде шишиктин пайда болушуна алып келерин айтууда.

Иман Каримова апасынын оорусун түшүндүрүп жатып, Мирзиёевден аны бошотууну суранды.

Мындан тышкары ал апасынын тагдырына кайдыгер эмес өзбекстандыктарды Гүлнара Каримованы бошотуу демилгесине кошулууга үндөдү.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17