Аймак

АШХАБАДДА МАЛ КАРМАГАНДАРГА АЙЫППУЛ САЛЫНУУДА

АШХАБАДДА МАЛ КАРМАГАНДАРГА АЙЫППУЛ САЛЫНУУДА

 807 Бардыгы /

Ашхабаддын четиндеги айылдарда мал кармагандарга айыппул салынууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди:

– Таанышымда эки уй бар. Турак-жай эксплуатациялык терстинин кызматкерлери келип, ар бирине 800 манаттан айыппул салып кетти, жыйынтыгында 1600 манат болду. Эгер малды жоготпосо, үчүнчү кварталда айыппул дагы көбүрөөк болорун эскертишти.

Түркмөнстанда расмий курс боюнча 800 манат 228 АКШ долларын түзөт. Айыппул ар бир чейрек сайын салынат.

Көптөгөн жарандар үчүн үйдө мал кармоо – кирешенин жалгыз булагы. Бирок аларды багуу дагы чоң түйшүк, чыгымы көп.

Түркмөнстанда санитардык нормалар боюнча шаарда мал кармоого тыюу салынган. Бирок айыппулдун көлөмү тууралуу расмий маалымат жок.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17