Аймак

ТӨГӨРӨК ҮСТӨЛДӨ АЛАКАНЫН КЕЛЕЧЕКТҮҮ БАГЫТТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

ТӨГӨРӨК ҮСТӨЛДӨ АЛАКАНЫН КЕЛЕЧЕКТҮҮ БАГЫТТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

 2,435 Бардыгы /

ПЕКИН. КЭРдин Мамлекеттик Кеңешинин өнүгүүнү изилдөө борборунун алдындагы Европа жана Азия социалдык өнүгүү  институтунда Кыргыз-Кытай эки тараптык мамилелерине арналган тегерек үстөл уюштурулду.

Бул иш-чарага  Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси К. Бактыгулова, Элчиликтин өкүлдөрү КЭРдин Мамлекеттик Кеңешинин өнүгүүнү изилдөө борборунун алдындагы Европа жана Азия социалдык өнүгүү институтунун директору Ли Фэнлин, ошондой эле аталган Институттун жана башка изилдөө борборлорунун профессорлору жана изилдөөчүлөрү катышышты.

         Тегерек үстөл маалында катышуучулар мамлекеттер ортосундагы саясий өз ара ишенимдин деңгээлине жана акыркы учурда болуп өткөн эки мамлекеттин башчыларынын жолугуушууларынын жыйынтыктарына жогорку баа берип, эки тараптуу мамилелердин кезектеги абалы менен келечеги, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйпөлөрүндөгү кызматташтык, коопсуздук жана ШКУнун алкагындагы өз ара аракеттенүү тууралуу маселелерди дагы кошо талкуулашты.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17