Аймак

КЫРГЫЗ-КАЗАК ӨКМӨТ БАШЧЫЛАРЫНЫН ЖОЛУГУШУУСУ БАШТАЛДЫ

КЫРГЫЗ-КАЗАК ӨКМӨТ БАШЧЫЛАРЫНЫН ЖОЛУГУШУУСУ БАШТАЛДЫ

 834 Бардыгы /

Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин расмий сапар менен келди. Аны «Манас» аба майданынан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Ушул тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында эки өлкө өкмөт башчыларынын чакан чөйрөдөгү жолугушуусу башталды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуу кенен форматта уланып, VIII кыргыз-казак өкмөт аралык кеңештин жыйыны өтөт.

Тараптар жыйын учурунда соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү, суу-энергетика, өнөр жай жана маданий-гуманитардык маселелерди талкуулашат. Күн тартибине транспорт, инвестиция, туризм, билим берүү жана башка маселелер кирген.

Казакстандын премьер-министрин президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат. Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу айтылды.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17