Аймак

ТАЖИКСТАНДЫК АЯЛ ТҮРМӨДӨГҮ УУЛУН ИЗДӨӨДӨ

ТАЖИКСТАНДЫК АЯЛ ТҮРМӨДӨГҮ УУЛУН ИЗДӨӨДӨ

 918 Бардыгы /

Тажикстандык аял Хожент жана Истаравшандан Душанбе түрмөсүнө которулган уулунун дайын-дарегин билбей жатат.

Рудаки шаарынын тургуну Бибисоч Рахимова уулу Субхон Курбонов Хожент түрмөсүндө жазасын өтөп жатканын билдирди. “Ал жерде уулум жок. Колонияда Субохонду башка соттолуучулар менен бирге Душанбеге которушканын айтышты”, – деди ал.

Буга чейин Тажикстан Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы 14 соттолуучу жолдо нанга ууланып өлгөнүн маалымдаган.

Субхон Курбонов террордук уюмдарга кошулуу аракети үчүн 2017-жылы 13,3 жылга эркинен ажыратылган.

Бибосоч Рахимова 14 соттолуучунун өлүмүнөн кийин уулун издеп баштаган. Анын айтымында, баласы ууланып мерт болгондордун тизмесинде жок:

–Хожентте аны Душанбеге сак-саламат которушканын айтышты. Борбор калаанын түрмөсүндө Хоженттен келгендер тууралуу маалымат жашыруун экенин билдиришүүдө. Анын тирүү же өлүү экенин эч ким кабарлабай жатат. ”

Соттолуучуларга жолдон тамак берилбегендиктен, бийлик өкүлдөрү алар сырттан келген нанга ууланган болушу мүмкүн деп болжолдошууда. Тажикстанда бир соттолуучуга күнүнө болгону он сомони бөлүнөт. Бул бир долларга жетпеген акча. Иш жүзүндө тажик түрмөлөрүндө соттолуучулар туугандары алып келген тамак менен күн көрүшөт.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17