Аймак

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ОРУСИЯНЫН МОСКВА ШААРЫНА БИР КҮН САПАРЛАДЫ

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ОРУСИЯНЫН МОСКВА ШААРЫНА БИР КҮН САПАРЛАДЫ

 1,010 Бардыгы /

  МОСКВА. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга жасаган расмий сапары аяктаганда бир күндүк жумуш сапары менен Орусия Федерациясынын Москва шаарына дагы токтоду.

      Бул сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков ОрусиянынПрезиденти Владимир Путин менен жолугушту. Эки мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусу буга чейин салт болуп калгандай эки тараптуу жеке форматта гана өттү. Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин Орусия Президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды жүзөгө ашыруу, мунун ичинде Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясында жана Орусия Федерациясынын Кыргыз Республикасында 2020-жылды кайчылаш жыл деп жарыялоонун алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча пикир дагы алмашышты.

       Соңунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу актуалдуу маселелер жана ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Кеңешинин алдыда боло турчу  сессиясына даярдыктар талкууланды. ЖККУ Саммити Бишкек шаарында 2019-жылдын 28-ноябрында өткөрүлөт.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17