Аймак

БУУНУН КАЧКЫНДАР БОЮНЧА ӨКҮЛҮ КЫРГЫЗСТАНДА ЖАРАНСЫЗ КАЧКЫНДАР ДЭЭРЛИК КЫСКАРГАНДЫГЫН МОЮНДАДЫ

БУУНУН КАЧКЫНДАР БОЮНЧА ӨКҮЛҮ КЫРГЫЗСТАНДА ЖАРАНСЫЗ КАЧКЫНДАР ДЭЭРЛИК КЫСКАРГАНДЫГЫН МОЮНДАДЫ

 1,048 Бардыгы /

   БИШКЕК.  Кыргызстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев БУУнун Качкындар боюнча Башкы комиссариатынын Борбор Азия боюнча аймактык өкүлү Ясуко Ода менен жолугушту.

        Ясуко Ода Кыргыз Өкмөтүн жарансыздыгы жок адамдардын санын кыскарткандыгы үчүн кызуу куттуктады. Анткени, 2014-жылдан тартып Кыргызстанда 13 700 жарандыгы жок адам, мунун ичинде 2000 бала жашаган. Бирок, Кыргыз Өкмөтү булардын бардыгынын тең көйгөйүн мыйзам чегинде батыл чечкенге жарады.

     Соңунда Кыргызстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев БУУнун Качкындар боюнча Башкы комиссариатынын Борбор Азия боюнча аймактык өкүлү Ясуко Одага маселелерди чукул жайгарууда үзгүлтүксүз көмөк көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле мындай кырдаалдарга дагы даяр турууну эскертти.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17