Аймак

БАТКЕН ОБЛУСУНУН ДЕЛЕГАЦИЯ ӨЗБЕКСТАНДГЫ  УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУ ФЕСТИВАЛЫНА КАТЫШУУДА

БАТКЕН ОБЛУСУНУН ДЕЛЕГАЦИЯ ӨЗБЕКСТАНДГЫ  УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУ ФЕСТИВАЛЫНА КАТЫШУУДА

 1,326 Бардыгы /

   БАТКЕН. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жетектеген делегация Өзбекстандын Фергана облусунун Маргелан шаарында өткөрүлгөн  “Улуу Жибек Жолу” маданий музыкалык-фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышына катышты.

          Адегенде Фергана облусунун жетекчилиги Баткен облусунун жетекчилигин Өзбекстандын Водил  өткөрмө бекетинен  салтанатуу түрдө тосуп алышты. Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев Баткен облусунун жетекчилигин аймактагы бир катар өнөр жай ишканаларынын  ишмердүүлүгү менен тааныштырып, эки тараптуу кызматташууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар экендигин баса белгилеп, Фергана-Баткен кызматташтыгын мындан ары дагы бекем чыңдоого жана өнүктүрүүгө ар дайым кызыкдар экендиктерин билдирди. Андан соң жетекчилер фестивалдын Маргилан шаарындагы Эркин Вохидов атындагы сейил багында уюштурулган Улуу Жибек жолунда жашаган элдердин салт-санаасы, кол өнөрчүлүгүнө арналган жармаңкеге күбө болушту. Ошентип, бул фестиваль  жыйырмага чукул мамлекеттин элинин башын бириктирди. Эл аралык маанидеги бул иш-чара Өзбекстанда биринчи ирет жогорку деңгээлде өткрүлүп жаткандыгын белгилешкен уюштуруучулар алдыда бул саамалыкты салтка айлантуу, ар дайым өткөрүп туруу максатталып жаткандыгындагы  кошумчалашты.

       Аталган фестиваль дээрлик үч күнгө созулат. Иш чара  Улуу-Жибек Жолун байырлашкан элдердин жашоо-турмушун, маданиятын чагылдырган маданий жана илимий иш-чаралар менен коштолууда. Ошондой эле ар бир эл өзүнүн салттуу музыкасын даңазалап, улуттук аспаптардын коштоосунда,  өз таланттарын фольклор жанрында дагы көрсөтүүдө. Мунун ичинде Баткен облусунан барган маданият кызматкерлери дагы бар.

Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жылуу тосуп алып, өзгөчө сый-урмат көрсөткөн Фергана облусунун жетекчилигине ыраазычылыгын билдирүү менен өтүп жаткан фестиваль элибиздин ынтымагын, достугун бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгилеп, мындай салтанаттар элдердин карым-катнашын, алакасын гана бекемдөөнү шарттайт деп катуу ишендирди.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17