Аймак

БАТКЕН ОБЛУСУНУН ЖЕТЕКЧИСИ РАВАТ АЙЫЛЫНЫН ТУРГАНДЫРЫНЫН МУҢ-ЗАРЫН ТЫҢДАДЫ 

БАТКЕН ОБЛУСУНУН ЖЕТЕКЧИСИ РАВАТ АЙЫЛЫНЫН ТУРГАНДЫРЫНЫН МУҢ-ЗАРЫН ТЫҢДАДЫ 

 1,270 Бардыгы /

          БАТКЕН. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Баткен районунун Рават айылына сапарлады.  Максаты аталган кыштактын сугат суу маселесин чечүү эле.

            Айтмакчы, Рават айылында акыркы учурда калктын саны өскөндүгүгө байланыштуу жаңы жерлерди өздөштүрүү муктаждыгы жаралган. Бирок, муну үчүн сугат суу жетишсиз дейт айылдыктар.  Бул көйгөйдөн арылуу максатында Рават айылынын эли күз жана кыш мезгилдеринде айылды суу менен камсыз кылган тоо булагынын суусун тосуп, жазга сактоо үчүн суу сактагыч куруу зарылчылыгын билдиришти.Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров булакты жана суу сактагыч курулуучу жайды жеринде көрүп, тиешелүү жетекчилер менен бул маселенин зарылчылыгын жана ишке ашыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү талкуулап, суу сактагычты жергиликтүү деңгээлде, же элдин күчү менен жасоо кыйын болоорун, бул маселеде  мамлекеттик колдоо керектигин ачык белгиледи. Жергиликтүү жетекчилердин айтымында, алар мындан он жыл мурда  суу сактагыч куруу боюнча атайын долбоор даярдашкан, курулушка 60 миллион сом керектелээри дагы аныкталган. Андыктан, Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров бул маселени жеке көзөмөлдөп, аны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик колдоого жетишүү боюнча тиешелүү талаптарга жооп берүү жагы кайра каралаарын убадалады.

            Баса, Рават айылы Баткен районундагы кылкандуу дан эгиндерин өстүрүүгө абдан ыңгайлуу. Жергиликтүү калк дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен гана алектенет.  Айылда 761 кожолук, же 2400 адам  жашайт.

                   Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17