Аймак

BLOOMBERG: АКШ С-400 КОМПЛЕКСТЕРИН САТЫП АЛГАНДЫГЫ ҮЧҮН ТҮРКИЯГА САНКЦИЯ КИРГИЗЕТ

BLOOMBERG: АКШ С-400 КОМПЛЕКСТЕРИН САТЫП АЛГАНДЫГЫ ҮЧҮН ТҮРКИЯГА САНКЦИЯ КИРГИЗЕТ

 1,008 Бардыгы /

Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык системасын сатып алгандыгы үчүн АКШ жакынкы күндөрү Түркияга каршы санкция киргизет. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына шилтеме кылып жазды.

Басылманын маалыматына караганда, президент Дональд Трамптын кеңешчилер тобу санкциялардын үч топтомун даярдаган. Учурда АКШ президенти алардын бирин бекиткени турат. Азырынча каралган санкцияларда кандай чаралар бар экендиги жарыялана элек.

АКШнын НАТО боюнча өнөктөшү болгон Түркия 12-июлдан тарта Орусиянын С-400 ракеталык системасын ала баштаганын кабарлаган. Вашингтон орусиялык курал-жарак Пентагондун айрым долбоорлору үчүн тобокелдиктерди жаратарын билдирүүдө.

Түркия 2,5 миллиард долларга С-400 комплекстерин сатып алуу тууралуу Орусия менен 2017-жылы келишим түзгөн. Буга байланыштуу Вашингтон Анкарага бешинчи муундагы F-35 аскердик учактарын сатуудан баш тарткан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17