Аймак

МОСКВАДА АДИЛЕТ ШАЙЛООНУ ТАЛАП КЫЛГАН АКЦИЯНЫН 38 КАТЫШУУЧУСУ КАРМАЛДЫ

МОСКВАДА АДИЛЕТ ШАЙЛООНУ ТАЛАП КЫЛГАН АКЦИЯНЫН 38 КАТЫШУУЧУСУ КАРМАЛДЫ

 666 Бардыгы /

14-июлда Москвада оппозиция өкүлдөрүн шаардык думанын депутаттыгына талапкер катары каттоого алуу талабы менен миңдеген адам катышкан массалык акция өттү. Митингди таратуу маалында полиция катышуучуларга карата күч колдонуп, айрымдарын кармап кетти.

Кармалгандардын арасында Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун юристи Любовь Соболь дагы бар. МБХ-Медиа кабарлагандай, ал «Лужники» ички иштер бөлүмүнө жеткирилгенден кийин полиция бөлүмүнөн качып кеткен. Бирок укук коргоо органдары аны кубалап жетип, кайрадан кармашкан.

«ОВД-Инфо» басылмасынын маалыматына караганда, полиция акция маалында жалпысынан 38 кишини кармады.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17