Аймак

КОЧКОРДО МУРДАГЫ ӨКМӨТ БАШЧЫ САПАР ИСАКОВДУ КОРГОО ШТАБЫ АЧЫЛДЫ

КОЧКОРДО МУРДАГЫ ӨКМӨТ БАШЧЫ САПАР ИСАКОВДУ КОРГОО ШТАБЫ АЧЫЛДЫ

 813 Бардыгы /

Нарындын Кочкор районунда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду коргоо боюнча штаб ачылды. Экс-премьердин кичи мекениндеги жеке менчик үйлөрдүн бирине ачылган штабга каалоочулар барып, аны абактан бошотууну талап кылган кайрылууга кол коюп келсе болот.

Бул тууралуу Исаков мүчө болгон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» билдирди:

– Кочкор районунун тургундарынын өз демилгеси менен ачылды. Алар президентке кайрылып, ишти калыс кароону сурап жатышат.

Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси бар деп, 2018-жылы камалган. Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланып жатат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17