Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД МЭРИЯСЫ ЖЕР ӨТМӨКТҮН КАПТАЛЫН БУЗУП, АНЫ КЕҢЕЙТҮҮДӨ

ЖАЛАЛ-АБАД МЭРИЯСЫ ЖЕР ӨТМӨКТҮН КАПТАЛЫН БУЗУП, АНЫ КЕҢЕЙТҮҮДӨ

 903 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарындагы Нагима Айтматова көчөсүндө жайгашкан жер алдындагы өтмөгү кеңейтилүүдө. Анын бир тарабы бузулуп, Ленин көчөсүнө туташтырылмакчы. Аталган жер өтмөктүн курулганына бир жыл боло элек.

Шаардык капиталдык курулуш департаментинин директору Акылбек Нуркулов «Клоопко» билдиргендей, жер өтмөгү мэриянын сунушу менен реконструкцияланууда.

«2019-жылдын 20-майынан бери жер өтмөгүн дагы да ыңгайлаштыруу максатында кеңейтүү боюнча иш-аракеттер жүрүүдө. Ал үчүн тендер жарыяланып, аны кайрадан “Сафари” компаниясы утуп алды. Тендердин баасы 21 млн сомго бааланган», — деди Нуркулов.

Жетекчи кошумчалагандай, жер өтмөктүн узундугу 36 метр, туурасы 9 метр болмокчу. Ал эми курулуш иштери октябрда аякташы күтүлүүдө.

2018-жылдын сентярбында Жалал-Абад шаарында алгачкы жер өтмөгүнүн ачылышы болуп өткөн. Анын курулушуна 12 млн 800 миң сом сарпталган. Мэрия өтмөк унаа тыгындарын азайтат деп билдирген.

 

Ыманбек НУРДИНОВ, kloop.kg

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17