Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ТҮРКИЯНЫН МИНИСТРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ТҮРКИЯНЫН МИНИСТРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 813 Бардыгы /

  АНКАРА. Кыргызстандын Түркиядагы  Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият жана туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын, мунун ичинде ТИКА жана Чет өлкөдөгү түрктөр жана тууган коомчулуктар Башкармалыгы (ҮTB) менен болгон кызматташууларды талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстан менен Түркия элдерин тарыхый, маданий жана тилдик жакындыгы менен байланыштырып турган стратегиялык өнөктөш экендигин баса белгилешти.

Туристтик бизнесте мол тажрыйбасы бар Мехмет Нури Эрсойду Кыргыз ЭлчисиКубанычбек Өмүралиев үстүбүздөгү жылдын август айында Кыргызстанга министр катары дагы, туризм тармагындагы эң чоң инвестор сыңары дагы чакырды. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында боло турган “Ош шаары – Түрк Дүйнөсүнүн маданий борбору” Эл аралык долбоорунун расмий жабылышына дагы катышууну өтүндү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17