Аймак

КАДАМЖАЙ ШААРЫНДА  ТАЗА СУУ ТҮЙҮНҮ ТАПШЫРЫЛДЫ

КАДАМЖАЙ ШААРЫНДА  ТАЗА СУУ ТҮЙҮНҮ ТАПШЫРЫЛДЫ

 1,336 Бардыгы /

  БАТКЕН. Кадамжай шаарында элдин таза суу көйгөйүн  жеңилдетүү максатында жергиликтүү бийлик Корея уюмдары менен иштешүүнүн  натыйжасында 7 миллион сомдук инвестиция тартты.

Ошентип, 2018-жылы  жергиликтүү бийлик тарабынан шаардын Таш-Кыя айылына таза суу тартуу боюнча  Кыргыз Республикасында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Кореянын “Гуд Нейсборс Интернешнл” уюмуна долбоор сунушталып, колдоо таап, натыйжада уюм тарабынан 2 734000 сомдук каржылоо  ажыратылган. Ошол эле учурда жергиликтүү бюджетттен 1 500 000 сом каражат бөлүнгөн. Ал эми 2019-жылдын башында ушул эле Корея мамлекетинин “Жаны кошуналар” коомдук бирикмесинин жардамы аркылуу Таш-Кыя айылынан Жаңы-Жер участкасына таза суу түтүкчөсү тартылып,  1 миллион 77350 сомдук жумуш аткарылды. Долбоордун алкагында шаардын  А.Орозбеков көчөсүнө сугат суу түтүгүн тартуу жумуштары дээрлик аяктады. Жалпысынан 6088 метр таза суу түтүгү жана 1700 метр сугат суу түтүгү орнотулду. Долбоорду ишке ашырууга  жергиликтүү бийлик жана  элдин салымын эске алганда 7 миллион сомдон ашык каражат сарпталды.

Бул саамалыкка Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров катышып, кубанычын жашырган жок: -Таза суу көйгөйүнүн жеңилдеши, калкыбыздын бакубат жашоосуна жана сак саламатта болуусуна гана өбөлгө жаратат.

     Белгилей кетчү жагдай: Баткен облусунун аймагында 191  айыл болсо, мунун 47си тээ Союз мезгилинде таза суу менен камсыз кылынган. Ал эми 46 айыл Кыргыз Республикасы Эгемендүү болгондон бери таза суу менен камсыдалды. Калган 98 айылда таза суу көйгөйү дагыле бар. Булардын 72 айылы Ислам өнүктүрүү Банкынын каржылоосу менен Таза суу менен камсыз кылуу боюнча тийиштүү иш кагаздары бүтүп, аталган мекемеге сунушталып, ишке ашыруу боюнча аракеттер гана көрүлүүдө. Ошондой эле  2018-жылы  Кыргыз Президенти Сооронбай Жээнбековдун “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгынын алкагында  9 айыл республикалык  бюджеттин эсебинен таза суу менен  камсыздалды. Ал эми 22 айылга Европа өнүктүрү жана АБР банктары аркылуу каржылоого сунуш берилген.

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17