Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ«WORLD’S GOT TALENT» ЭЛ АРАЛЫК  ТАЛАНТТАР СЫНАГЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ«WORLD’S GOT TALENT» ЭЛ АРАЛЫК   ТАЛАНТТАР СЫНАГЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 908 Бардыгы /

ПЕКИН. Кыргызстандын  Кытайдагы  Элчиси Канайым Бактыгулова, Элчиликтин  өкүлдөрү жана Кытайда окуп жүрүшкөн кыргызстандык студенттер   «World’s Got Talent» Эларалык таланттар сынагынын финалдык этабынын катышуучулары Атай Өмүрзаков жана «Тотем Шоу»  тобун колдоо үчүн Хунан провинциясынын Чанша шаарынан  келишти.  Телекөрсөтүүгө тартуу маалында Кыргыз Элчиси Канайым Бактыгулова аудитория астында Атай  Өмүрзаковду жана «Тотем Шоу» тобун финалга чыгышы менен  куттуктап бардык катышуучуларга ийгилик гана каалады.

Кыргызстандын Кытайдагы Кыргыз Элчиси Канайым Бактыгулова  бул сапардын учурунда Чанша шаарынын Тышкы иштер боюнча  канцеляриянын башчысы Чжен Лихун жана Чет өлкөлөр менен достук ассоциациясынын директорунунорун басары Ли И менен дагы жолугушту. Тараптар актуалдуу эки тараптуу аймактар арасындагы кызматташтык маселелерин абдан катуу талкулашты. Ушул эле күнү Кыргыз Элчиси Канайым Хунан телевидениенин аткаруу директорунун орун басары Чжоу Сун менен дагы жолугушту. Мында Кыргыз-Кытай мамилелерин маданият диалогу жана алмашуу, аны менен бирге Хунанттелевидениенин жана Кыргызстандын массалык маалымат каражаттардын ортосундагы өз ара байланыштарды түзүү аркылуу бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.

Сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Элчиси Канайым Бактыгулова Кытайдын жогорку окуу жайларында окуп жатышкан кыргызстандык студенттер менен дагы жолугушуп, алардын муң-зарын жеринде тыңдады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17