Аймак

ДОХАДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨКҮЛҮ КАТАРДЫН МААНИЛҮҮ АТКАМИНЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

ДОХАДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨКҮЛҮ КАТАРДЫН МААНИЛҮҮ АТКАМИНЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 932 Бардыгы /

ДОХА.  Доха шаарында Кыргыз тарабынын демилгеси аркасында Кыргызстандын Катардагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катардын Тышкы иштер министрлигинин Азия иштери боюнча департаментинин директорунун орун басары Рашид Абдулла Аль-Дехайми менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Авазбек Атаханов Рашид Абдулла Аль-Дехаймиге Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Таниге даректелген Катын тапшырды. Андан соң тараптар 2019-жылдын 31-январында Доха шаарында өткөн Кыргыз-Катар ТИМдер аралык саясий Кеңешмелеринин Экинчи жыйынын алкагында жетишилген келишимдердин аткарылышын дагы карап чыгышты. Жолугушууда Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Катар Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын экинчи жыйынын өткөрүү мөөнөттөрү боюнча пикир алмашуу жүрдү.

2019-жылдын 14-16-июлунда Эмират тарабынын колдоосу аркасында менен Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан уюштурулган  Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги К. Жумагазиевдин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын начальниги А.Бийбосуновдун курамындагы  КР ИИМ өкүлдөрүнүн атаын делегациясынын Дубай эмиратынын (БАЭ) полициясынын Штаб-квартирасына иш-сапары болду.

Бул сапардын алкагында Дубайдын полициясынын башчысы, генерал-майор Абдулла Халифа Аль-Марри, полиция бөлүмдөрүнүн жетекчилери, анын ичинде Дубайдын Полиция Академиясынын жетекчиси менен жолугушуулар болуп өттү. Анын жүрүгүндө санариптик технологиялар, түз байланыштарды орнотуу жана ыкчам маалымат менен алмашуу, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөщүүдө өз ара аракеттенүү боюнча жааттарда кызматташуу чөйрөлөрүн козгогон маселелердин кеңири спектри талкууланды.

Аталган иш-сапардын жүрүшүндө жетишилген негизги макулдашуулардын бири өлкөнү санариптештирүү жылында жарыяланган, жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо максатында техникалык жардам  жана программалык камсыздоо берүү менен   Бишкек шаарында акылдуу полиция участогун (Smart Police Station долбоору) түзүүгө  Дубайдын полициясынын колдоосу жана макулдугу болду. «Акылдуу полиция участогу» долбоору биринчи жолу 2017-жылы Дубайда иштелип чыккан жана ишке киргизилген, ошондой эле заманбап IT технологиялардын жана программалык камсыздоонун жардамы менен калкты  тейлөө жана кызмат көрсөтүүнү жогорулатууга жана контролдоого багытталган санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири комплекси болуп саналат. 

Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн Дубайдын полициясынын Штаб-квартирасынын жетекчилиги биргелешкен жумушчу тобун түзүүгө, анын ичинде криминология, жол коопсуздугу жаатында жана IT чөйрөсүндө  квалификацияны жогорулатуу курсун өтүүүчүн КР ИИМнин кызматкерлерин жана адистерин чакыруу менен түзүүгө даярдыгын билдирди.

         Ошондой эле Кыргызстандын Ичи иштер министрлигинин курсанттары үчүн Дубайдын Полициясынын Академиясында акысыз окуу укугу менен атайын квота берүү жөнүндө маселенин Дубайдын полициясынын жетекчилиги тарабынан оң жагынан каралгандыгын белгилеп кетүү дагы маанилүү.  Жетишилген макулдашууларды бекитүү жана эки тараптуу кызматташуунун дараметин өстүрү максатында Кыргызстандын Ичи иштер министрлиги менен Дубайдын Полициясынын ортосундагы кызматташуу жана коопсуздук жөнүндө атайын Меморандумга кол коюлду.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17