Аймак

АШХАБАДДА ТУРАК-ЖАЙДА ЖАРЫЛГАН ГАЗДАН БИР НАРИСТЕ МЕРТ БОЛДУ

АШХАБАДДА ТУРАК-ЖАЙДА ЖАРЫЛГАН ГАЗДАН БИР НАРИСТЕ МЕРТ БОЛДУ

 792 Бардыгы /

16-июлда Ашхабаддын 10-кичирайонундагы үйлөрдүн биринде тиричилик газы жарылып, бир наристе мерт болду. Жабыркагандар бар. Күйүк борборуна Гамбурцевдердин үй-бүлө мүчөлөрү оор абалда жеткирилди.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, көп кабаттуу турак жайдын үчүнчү кабатында жашаган Юрий менен анын жубайы Надежданын абалы өтө оор. Алардын бала бакчага барган кызы Еванын акыреги сынган, буттары күйгөн, абалы туруктуу.

Ева барган бала бакчадагы балдардын ата-энелери үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кан тапшырышууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17