Аймак

ТАЖИКСТАНДА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН ТАРИФИ ЖОГОРУЛАЙТ

ТАЖИКСТАНДА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН ТАРИФИ ЖОГОРУЛАЙТ

 1,116 Бардыгы /

Тажикстан Монополияга каршы кызматынын жетекчилиги электр энергиясына болгон тарифтерди көтөрүү мамлекеттик «Барки точик» энергохолдингинин абалын жакшыртат деп эсептейт.

Монополияга каршы кызматтын башчысынын орун басары Назар Одиназода «Барки точик» менен Энергетика министрлиги өкмөткө тарифтерди акырындык менен жогорулатууну сунуштаганын айтты.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, 1-сентябрдан тарта калк үчүн электр кубатынын баасы көбөйөт.

Бул арада алюминий чыгарган «Талко» компаниясы май айынан сентябрь айына чейин бир кВт саат электр энергиясы үчүн 7,20 дирам, башка айларда 11,80 дирам төлөйт. Ал эми сентябрдан тарта калк 19,37 дирамдын ордуна 22,36 дирамдан төлөп баштайт. «Талко» үчүн тариф өзгөрбөйт.

«Барки Точик» компаниясынын мамлекетке болгон карызы 22 миллиард сомонини (2,2 млрд доллар) түзөт. Негизинен электр энергиясы үчүн мамлекеттик мекеме-ишканалардын бересеси көп.

«Барки Точик» маалымдагандай, калктын карызы 1 миллиард сомони же 100 миллион доллар.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17