Аймак

ТҮРКМӨНСТАН ТҮШТҮГҮНДӨ КОММУНАЛДЫК КЫЗМАТТАРГА КАРЫЗЫ БАРЛАР МАЯНАСЫЗ КАЛЫШЫ МҮМКҮН

ТҮРКМӨНСТАН ТҮШТҮГҮНДӨ КОММУНАЛДЫК КЫЗМАТТАРГА КАРЫЗЫ БАРЛАР МАЯНАСЫЗ КАЛЫШЫ МҮМКҮН

 834 Бардыгы /

Түркмөнстандын түштүгүндөгү Мары облусунда мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери коммуналдык кызмат үчүн карызы жок экенин тастыктоого аргасыз болушууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын Марыдагы кабарчысынын билдиришинче, мындай талап бир жума мурун коюлган:

– Өткөн аптанын башында бардык мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери газга, электр энергиясына, сууга төлөгөн дүмүрчөктөрүн иштеген жерине көрсөтүүгө милдеттендирилди. Кишилер маалымкаттарын алып келе башташты. Бул прокуратурага көрсөтүү үчүн керек деп түшүндүрүштү. Маалымкаттар көрсөтүлгөн соң гана айлык акы берилет экен.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын аймактык прокуратурадагы өз булагы коммуналдык төлөмдөр боюнча маалымкат талап кылынып жатканын тастыктады. Анын айтымында, мындай жол менен жергиликтүү бийлик карызы барларга каршы күрөш жүргүзүүгө ниеттенүүдө.

Бул арада Түркмөнстанда экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу айлык акы, пенсия жана башка төлөмдөр кечиктирилип берилүүдө. Банкоматтардан акча алууга чектөө киргизилген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17