Аймак

ЖАПОН ПОЛИЦИЯСЫ АНИМЕ-СТУДИЯНЫ ӨРТТӨГӨН КИШИНИ КАМООГО ОРДЕР АЛДЫ

ЖАПОН ПОЛИЦИЯСЫ АНИМЕ-СТУДИЯНЫ ӨРТТӨГӨН КИШИНИ КАМООГО ОРДЕР АЛДЫ

 719 Бардыгы /

Жапон полициясы Киото шаарында аниме-студияны өрттөөгө шектелген кишини камоого ордер алды. Ал денеси катуу күйүп калгандыктан ооруканага жаткырылган.

Шектүүнүн абалы турукташкандан кийин полиция аны камоого ниеттенүүдө.

18-июлда Kyoto Animation студиясынан чыккан өрттөн 34 киши өлүп, 30дан ашууну жарадар болгон. Шектүү имараттын ичине бензин чачып өрттөгөн. Бул тууралуу ал кармалгандан кийин айткан.

Өрттөлгөн “Kyoto Animation” студиясы 1981-жылы ачылган. Сериалдарды жана көркөм фильмдерди чыгарат. Студиянын эмгектеринин арасында «Меланхолия Харухи Судзумии», «Кланнад», «K-On!» тасмалары бар. Компаниянын башкы кеңсеси Киотодо жайгашкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17