Аймак

МИРЗИЁЕВДИН ЖОЛ ЭРЕЖЕСИН БУЗГАН КҮЙӨӨ БАЛАСЫ АЙЫППУЛ ТӨЛӨДҮ

МИРЗИЁЕВДИН ЖОЛ ЭРЕЖЕСИН БУЗГАН КҮЙӨӨ БАЛАСЫ АЙЫППУЛ ТӨЛӨДҮ

 635 Бардыгы /

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Атабек Умаровду 19-июлда Ташкент шаардык жол коопсуздук кызматы административдик жазага тартты.

Бул тууралуу Умаров өзү “Инстаграм” барагына жазып, айыппул төлөгөнүн далилдеген эсеп-дүмүрчөктүн сүрөтүн жарыялады.

Умаровду айыпка тартуу жөнүндөгү чечимде ал “Тесла” үлгүсүндөгү автоунааны башкарууда эрежени бузуп, ылдамдыкты саатына 40 километрден ашырып айдаганы жазылган.

Административдик жаза кодексине ылайык, мамлекет башчынын күйөө баласы эң аз айлык акынын тогуз эсе өлчөмүндө 1 824 570 сум (200 доллардан бир аз көп) айыппул төктү.

Атабек Умаров өзүнүн бул катасын коомго көрсөткөн журналисттерге да ыраазычылык билдирди.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17