Аймак

“АЗАТТЫКТЫН” КАЗАК КЫЗМАТЫНЫН КАБАРЧЫЛАРЫНА КОЛ САЛУУ БОЛДУ

“АЗАТТЫКТЫН” КАЗАК КЫЗМАТЫНЫН КАБАРЧЫЛАРЫНА КОЛ САЛУУ БОЛДУ

 762 Бардыгы /

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Нургүл Тапаева жана видеооператор Токмолда Кусаинов Алматыда кол салууга дуушар болду. Адам укуктарын сактоо бюросунунда аларга белгисиз беш аял чабуул жасап, видеокамераны талкалап, кабарчыга кол көтөргөн.

Себеби белгисиз.

Кабарчылар бюрого “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына катышы бар деген шек менен кармалган көп балалуу эне Оксана Шевчук жана жалгыз бой эне Гүлзипа Жаукерованын иши жөнүндө маалымат жыйынын чагылдырууга барышкан.

Адам укуктары боюнча бюронун кызматкери Сергей Дувановдун айтымында, жыйырмага чукул аял маалымат жыйыны башталганга чейин келип, иш-чараны үзгүлтүккө учуратып, журналисттердин смартфон жана камераларын талкалап, чуу көтөрүшкөн. Кол салуудан жарым саат өткөн соң окуя болгон жерге полиция келген. “Азаттыктын” казак кызматы менен КазТАГ агенттигинин журналисттери арыз жазышты. Кол салган аялдар из жашырышкан, күбөлөр полиция кызматкерлери алардын бирөөнү кармаганын айтышууда.

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчыларына биринчи жолу кол салуу болуп жаткан жок. 6-июлда белгисиз киши кабарчы Оркен Жоямерген менен оператор Ержан Амирхановго көздөн жаш агызуучу газ чачып кеткен. Алар Казакстандагы кармоо жараянын чагылдырып жүрүшкөн. Полицияга даттанышканы менен чара көрүлгөн эмес.

Акыркы учурда редакциянын кызматкерлери кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу бийлик тарабынан да катуу кысымга алынууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17