Аймак

ТОКТОГУЛДА БИР КАТАР АРДАГЕРЛЕР ЖАНА ЖУБАЙЛАРЫ СЫЙЛАНЫШТЫ

ТОКТОГУЛДА БИР КАТАР АРДАГЕРЛЕР ЖАНА ЖУБАЙЛАРЫ СЫЙЛАНЫШТЫ

 1,202 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Өз өмүрлөрүн милицияга арнап, ардактуу эс алууга чыккан ардагерлерге ИИМ министринин буйругу менен медалдар тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык,  Сыйлыкты тапшыруу аземине Жалал-Абад ОИИБнин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков жана Токтогул РИИБнин начальниги, милициянын полковниги Замирбек Ормонов катышышты. “Кыргыз милициясына 90 жыл” медалы менен бир, “Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл” медалы менен үч ардагер сыйланды. Бул өмүрдө татыктуу жашап, ИИОдо ак иштеп, мекен үчүн күн-түн дебестен кызмат кылып, ардактуу эс алууга чыккан ардагерлерге дөөлөттүү карылык тилешип, жаш кызматкерлерге акыл-насаатын айткандыктарына ыраазычылыктар билдирилди.

Ошондой эле ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасынын буйругу менен беш ардагердин жубайларына “Офицердин жубайы” медалдары тапшырылды. Кубанычка баткан айымдар түйшүктүү кесип ээлери болгон милициянын аялдарына берилип жаткан медалды демилгелеп, аларга тапшыргандарга ыраазычылыктарын билдиришти.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17