Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,010 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий сапар менен келген Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ен менен жолугушту. Анын жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги дагы кенен-чонон талкууланды. – Бул акыркы 28 жыл ичиндеги биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки Корея Республикасынан жогорку деңгээлдеги алгачкы сапар. Сиздин сапарыңыз өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдөөгө […]
1,011 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий сапар менен келген Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ен менен жолугушту. Анын жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги дагы кенен-чонон талкууланды. – Бул акыркы 28 жыл ичиндеги биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки Корея Республикасынан жогорку деңгээлдеги алгачкы сапар. Сиздин сапарыңыз өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдөөгө […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ КОРЕЯНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ МЕНЕН ЭКИ ТАРАПТУУ АЛАКАНЫН КЕЛЕЧЕГИН КАТУУ ТАЛКУУЛАДЫ
22.07.2019 / Автор anarkan_kg1,012 Бардыгы /
БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий сапар менен келген Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ен менен жолугушту. Анын жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги дагы кенен-чонон талкууланды.
– Бул акыркы 28 жыл ичиндеги биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки Корея Республикасынан жогорку деңгээлдеги алгачкы сапар. Сиздин сапарыңыз өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдөөгө жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары активдештирүүгө чоң өбөлгө жаратат деген терең ишеничтемин! — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков ошонндой эле жыйырмадан ашык кореялык компаниялардын жетекчилеринин жана өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн Кыргыз-Корей бизнес-форуму келечекте жакшы жемишин берээрин канааттануу менен белгиледи. Буга улай Кыргызстандагы көп сандагы корей диаспорасы Корея өлкөсү менен кызматташууну тереңдетүүгө өбөлгө болоорун дагы баса белгиледи. Алардын арасында ата мекендик экономиканы өнүктүрүгө өз салымын кошуп жаткан коомдук ишмерлер, чоң ишкерлер жана интеллигенция өкүлдөрү дагы бар.
Сооронбай Жээнбеков ошондой эле өлкөдөгү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүп жатканы үчүн Корея тарапка терең ыраазычылыгын билдирип, Корея эл аралык кызматташтык боюнча агенттиктин (КОИКА) алгылыктуу ишмердигин белгиледи. Өткөн жылдар ичинде Корея тараптан Кыргызстанга берилген гранттык жардамдын көлөмү бүгүнкүгө карата карата 42 миллион АКШ долларын түзүп олтурат. Корея Премьер-министри Ли Нак Ен дагы өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелер түптөлгөндөн кийин Кыргызстанга сапар жасаган Кореянын биринчи Өкмөт башчысы экендигине токтолду.
– Бул сапар кечиккен сапарга айланды. Бирок, биз эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүн мындан дагы тездетүү үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз. Биз өлкө жетекчилигинин аракеттерин баалайбыз. Анткени, ошонун натыйжасында Кыргызстандагы демократиялык жараяндар туруктуу өнүгүп, жаңы рыноктор ачылып, экономика дагы ырааттуу түрдө өнүгүп жатат, — деп белгиледи Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ен.
Корея Премьер-министри ошондой эле КОИКА тараптан көрсөтүлүп жаткан көмөк анчалык деле чоң эмес, бирок, кореялык тарап Кыргызстанга жардам бергенге ар дайым даяр экенине бекем ишендирди. Андан ары Кыргызстанда башка долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирип, жакынкы мезгилде билим берүү, административдик башкаруу жана айыл чарба технологияларын өнүктүрү чөйрөлөрүндө суммасы 7 миллион АКШ долларына барабар жардам берүү пландары жөнүндө дагы баян этти. Ли Нак Ен өкмөттүк деңгээлде эле эмес, бизнес түзүмдөрү ортосундагы байланыштарды жана кызматташтыкты кеңейтүү Кыргызстанга түз инвестицияларды тартууга шарт түзөөрүнө бекем ишендирди.
Бул эки тараптуу жолугушууда ошондой эле санариптештирүү, билим берүү, туризм чөйрөлөрүндө өз ара кызматташуу, соода-экономикалык байланыштарды активдештирүү маселелери дагы орой-чарай талкууланды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
04.03.2024 / Автор anarkan_kg ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ ӨТКӨН ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ
-
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.