Аймак

«САЙКАЛ» –ЖАҢЫ МЕД БОРБОР АЧЫЛДЫ

 4,159 Бардыгы /

Кербен шаарында өзгөчө бир шарттары менен акыркы заманбап техникалар жабдылган «Сайкал»-Медициналык борбору ачылды. Мед борбордун имараты 4 кабаттан туруп, жаңыдан курулуп, пайдаланууга тапшырылды. Мед борбордун ичинде бардык шарттары жаратылган, ысык суу, муздак суусу, эс алуучу бөлмөлөрү, мында келгендерди ыраазылыкка бөлөп жатат.

Жаңы борбордо урология, гнекология,терапия, хирургия, жана учурда эң зарыл болуп жаткан кардиология бөлүмдөрү жайгашкан. Эми Аксы , Ала-Бука, чаткалдыктар 500 чакырым жол жүрүп республикабыздын борборуна каттап убара болбой эле, Аксыдан туруп заманбап медициналык жардам алууга шарт жаралды. Мед борбордун ачылышына алыскы Ташкент шаарынан медициналык дарыгер-кардиологдор келип, жүрөккө эң татаал операцияларды жасоого кызматташа тургандыктарын билдиришти. Алар мындай медициналык жабдуу менен жабдылган мед борборлор көп жерлерде жок экендигин айтышып, эми эки республиканынын медиктери тажрыйба алмашып, медицинанын акыркы жаңылыктарын биргеликте өздөштүрүп, иштөөгө боло тургандыктарын айтышты, жана өздөрүнүн кызматтарын сунуш кылышты. Алар Кербен шаарында үч күн туруп, муктаж адамдарга акысыз кеңештерди бере тургандыктарын билдиришти.

Белгилеп кетүүчү нерсе эң акыркы технологиялык жабдуулар менен чыккан УЗИ аппараты, тамография, гинекологиялык жана кардиология лык кызматтар көрсөтүлө турган жаны жабдуулар менен жабдылгандыгында. Заманбап лабораториясы бар.

«Сайкал»-Медициналык борборунун ачылышында райондун аксакалдары, катышып өздөрүнүн ак баталарын беришти. Жеке ишкер, район эмес областагы эң мыкты дарыгерлердин бири болушкан Нурдин Султамуратов, Абдыманап Кулбаев экөөсү өз кирешелеринин, каражаттарынын эсебинен куруп, бул мед борборду ачып олтурушат. Элдин алкоосу, ак баталары бул күнү жазгы жамгырдай жаады. Элинин керегине жарайт деген ушул дешти. Эки дарыгерге, алардын үй-бүлөлөрүнө, алыкштарды айтышты. Кербен шаардык кенешинин депутаттары мактоо грамоталарын да тапшырышты. Бул эки ишкер дарыгерлер элге көрсөткөн медициналык кызматтары менен эл алкышына ээ болуп келе жаткан азаматтар. Ички инвестицияны тартуу, аны элибиздин кызматына жумшоонун ачык мисалы мына ушул. Райондогу эң мыкты хирург Абдыманап Кулбаевдин демилгеси менен буга чейин «Кардио-плюс» медборбору-эс алуу менен дарылануу борбору ачылып 5 жылдан бери элге кызмат кылып келет. Жылына жүздөгөн адамдар келип дарыланып, сакайып, жакшы эс алуу менен рахматтарын айтып кетип жатышы эле, бул ак халатчан азаматтарга элдин ишеними артып жаткандыгынын ачык күбөсү. Мед борбордо эски медициналык техникалар жок, бардык медтехникалар заманбап, андан сырткары заманбап лабораториялары да жайгашкан. Бул жерде жатып дарыланууга да болот. Андан чыгып «Кардио-плюс» мед борбору-эс алуу менен дарылануу борборунда бээнин сүтү менен да дарыланып кетүүгө болот. Аталган борбордун филиалдары Чаткал, Ала-Бука райондорунда да ачылган. Бул чындыгында Аксынын медициналык тарыхында жаңылык катары кароо менен мындай өнүгүү болбогондугун айтууга болот. Белгилеп кетүүчү нерсе мына ушундай чон медборбордун ачылыш аземине Аксы районунун акими Ыманберди Досбаев аткарууга зарыл болуп жаткан иштеринин көп экендигин айтып келбей койгону, мында келгендердин нааразычылыгын жаратты. Президентибиздин аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү демилгесине да толук туура келет турган жай болгондугун мында келгендер белгилеп жатышты. Жаңы медициналык борбор кут болсун деп акын катары арнап ыр жазган элем, окуп коюңуздар.

НУРДИН МЕНЕН МАНАПКА

Мына бүгүн ачылышы «Сайкалдын»,

Мындай сонун имарат,

Жээгинде жок Байкалдын.

Иш кылам деген жигиттер,

Мына ушул жагын байкагын.

Манап менен Нурдинди,

Азаматтар деп айтамын.

Арбагы бүгүн козголду,

Сайкалдай асыл апанын.

Сообу тийсин апага,

Ушундай жерде батанын.

Уурулар жүрөт Анталия менен Римде,

Азамат асыл жигиттер,

Курулуш курат элинде.

Муну өкүмөт курганда,

Жарым акчасы жээлип кетмек кеминде,

Анан аны шылтап жүрмөк жеди,- деп,

Тейиттиктер менен Кеминге.

Чынында төрт кабат үйдүн бүткөнүн,

Төбөлдөр деле билген жок,

Жардам бер деп аларга,

Эч кимиси кирген жок.

Эми бул жерге ооруп келген болбосун,

Ичине мээримдүүлүк орносун.

Муну курган жититтерди,

Жараткан өзү колдосун.

Анан кассадан ишти бүтөрүп,

Калган жагында,

Элди тоногондор болбосун.

«Кардио плюс» бир болуп,

Элдин ден соолугун оңдосун.

Куттуктайм анда чын дилден,

Бул ден соолуктун Ордосун!

 

Абдымомун  КАЛБАЕВ,

Кербен шаары.

 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17