Аймак

МАМЛЕКЕТ РАЙОНДУК ГЕЗИТТЕРДИ КАРЖЫЛООНУ ТОКТОТУУГА НИЕТТЕНҮҮДӨ

МАМЛЕКЕТ РАЙОНДУК ГЕЗИТТЕРДИ КАРЖЫЛООНУ ТОКТОТУУГА НИЕТТЕНҮҮДӨ

 1,186 Бардыгы /

Өлкөнүн ар бир аймагында жергиликтүү телеканалдар менен гезиттерди бириктирген медиаборборлорду түзүү пландалууда. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, мамлекет республикадагы 34 райондук гезитти каржылоону токтотууга ниеттенип жатат.

«Кеп райондук гезиттерди жоюп салуу жөнүндө болгон жок. Алар өз алдынча каржылоонун эсебинен ишмердүүлүктөрүн уланта беришсе болот. Азыр райондук жана облустук гезиттерге жылына 68 миллион сом бөлүнүп жатат. Биз облустук гезиттер облустук телеканалдар менен медиаборборлорго бириксин, андан үнөмдөлгөн каражат ошол медиаборборлорду өнүктүрүүгө жумшалсын деп жатабыз», — деди Жаманкулов.

Министрдин айтымында, медиаборборлор калк үчүн маалымат булагы болуп, санариптештирүүнү өнүктүрүү максатында маалыматтарды электрондук форматта таратууга багыт алат. Учурда концепция бардык министрликтер менен макулдашылып, өкмөттүн кароосуна жиберилген.

Бул маселе Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде 2017-жылы талкуулана баштаган. Анда өкмөттүн тапшырмасы менен облустардагы мамлекеттик ММКлардын базасында медиа-борбор түзүү каралып жатканы кабарланган. Жаңы борборлор маалыматтык кызматтардын бүтүндөй бир комплексин көрсөтүп, аларда телеберүү, радио, гезит, жаңылыктар сайты, маалыматтык борборлор жана медиа мектептер иштеши керектиги айтылган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17