Аймак

КЫРГЫЗСТАНДЫН БУУДАГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ШАХМАТ ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫШЫП ЖАТКАН ЖАЛГЫЗ КЫРГЫЗСТАНДЫКТЫ КАБЫЛ АЛЫШТЫ

КЫРГЫЗСТАНДЫН БУУДАГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ШАХМАТ ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫШЫП ЖАТКАН ЖАЛГЫЗ КЫРГЫЗСТАНДЫКТЫ КАБЫЛ АЛЫШТЫ

 943 Бардыгы /

НЬЮ-ЙОРК. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана кыздар арасындагы III Бүткүл Дүйнөлүк шахмат чемпионатына катышып жаткан Кыргыз Республикасынын жалгыз өкүлү менен жолугушту.

АКШнын Черри-Хилл шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана кыздар арасындагы III Бүткүл дүйнөлүк шахмат чемпионаты өткөрүлдү. 12 жаштагы спортчу кыз Дария Кудайназарова Кыргызстан шахматынын тарыхында мындай чоң мелдешке биринчи жолу катышты. Чемпионатка сегиз өлкөдөн 16 спортчу келишкен.  Дария Кудайназарова бир нече атаандаштарын катарынан утуп, жогорку деңгээлин тастыктады. Мелдеш маалында Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Дария Кудайназарованын катышуусу менен болгон оюнга толук катышышып, жаш спортчуга жана Кыргыз Республикасынын Шахмат Федерациясынын өкүлдөрүнө мындан аркы дагы ири ийгиликтерди тилешти.

  Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17