Аймак

КЫРГЫЗСТАН МАҢЗАТ БАЙМА-БАЙ ТАШЫЛГАН НАРКОЖОЛГО АЙЛАНДЫ

 685 Бардыгы /

    Эл аралык уюмдар тараткан маалыматка караганда, айтылуу Ооганстандан Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу жыл сайын тонналаган маңзат Орусия жана Европа өлкөлөрүнө үстөккө-босток ташылат. Тилекке каршы, так өлчөмүн азырынча айтуу кыйын. Эң эле опурталдуусу: Кыргызстан аркылуу “Түндүк транзит” деп аталган жашыруун наркожол пайда болгондугу эл арасында эбактан бери айтылып келе жатат.

      Быйыл 31-майдан 1-июнга ооган түнү Германия-Польша чек арасынан маңзаттын ири көлөмү – 670 кило героин кармалды. “Түркиянын балы” жүктөлгөн деген күмөндүү автоунааны токтотуп тинтип текшеришкенде, “Рахат лукум” дегег жазуусу бар кутучулардын ичине накта героин катылгандыгы биротоло ашкереленди. Немис басылмалары муну Германия тарыхында тутулган маңзаттын эң ири партиясы сыңары сыпатташты. Жогорку сапаттагы бул маңзат Ооганстандан өндүрүлүп, транзит жол менен Кыргызстан аркылуу өткөрүлгөн деп болжолдонуп жатат. Эгерде ошончо маңзат кокус Европага кирсе, муну менен шугурлангандар жок дегенде 40-56 миллион евро пайда табышмак экен.

       Албетте, Кыргызстан маңзат жолуна абдан ыңгайлуу өлкө экендиги эч кимге деле жашыруун эмес. Бирок, “Борбор Азиядагы наркосаясат борбору” коомдук фондунун жетекчиси, белгилүү эксперт Александар Зеличенко Германияда кармалган маңзат Кыргызстандагы наркотрафикке каршы күрөшкөн органдардын ишинин гана чабалдыгын айгинеледи деп эсептейт.

       – Жашырып не. Кыргызстандагы Мамлекеттик Бажы жана Чекара кызматтары маңзат ташууга бөгөт коюуда өтө эле чабал иштеп жатышат, – деп ыраса безилдеди “Борбор Азиядагы наркосаясат борбору” коомдук фондунун жетекчиси Александар Зеличенко. – Анткени, Кыргыз Өкмөтү бажычылардан бюджетти сөзсүз толтурууну, а чекарачылардан тыңчыларды жана жасалма паспорт менен өткөндөрдү гана кармоону такай талап этип жатышат. Ошого карабастан маңзат соодасы дагыле гүлдөп атпайбы. Менимче, Германияда колго түшүрүлгөн 670 кило маңзаттын чоо-жайын Кыргызстандын укук коргоот органдары акырына дейре тыкыр сүрүштүрүшкөнү оң! Менин билишимче, мынча көлөмдөгү маңзат акыркы он-он беш жылда Кыргызстандан дегеле өткөрүлгөн эмес! Дагы бир жагы:  эч ким өмүрүн жана болоо-болбос кызматын тобокелчиликке салып миллиондогон акчага бааланган мыйзамсыз жүктөрдү бир катар өлкөлөрдүн чекараларынан алып өтүп, мынчалык оор кылмышка дегеле баргысы келбейт. Демек, “Түндүк транзит” маңзат каналы көптөн бери   иштеп келаткандыгы муну бекем тастыктады.

        Анткени менен Кыргызстандагы маңзатка каршы күрөшүү кызматынын маалыматына таянсак, 2018-жылы Орусия жана Казакстан менен биргеликте жүргүзүлгөн маңзат ташылган каналдарды ачыктаган операция маалында жалпысынан 70 кило гана маңзат кармалыптыр. Ал эми Кыргызстандын укук коргоо органдары бир жылда жыйырма тоннага жетпеген маңзат алынгандыгын гана какшап келатат. Маселен, Ички иштер министрлиги 2016-2018-жылдардын аралыгында 14-19 тонна маңзат колго түшүрүлгөндүгүн элге ачыктаганы бар. Серепчилер жана адистер бул көрсөткүч өтө эле төмөн экендигин, а чындыгында, Кыргызстан аркылуу жыл сайын ташылчу Оооган маңзатынын көлөмү мындан дагы арбын экендигин моюндап келатышат.

          – Мурдагы Советтик өлкөлөрдө жемкорлук бүгүнкү күндө деле абдан чоң мүшкүлгө айланып олтурат, – деп агынан жарылды Ооганстан жана Борбор Азия боюнча адис Таалатбек Масадыков. – Наркотрафик бара-бара күчөп, токтобой жаткандыгы дагы дал ушул жемкорлукка гана байланыштуу. Дегеним, чекарачылар, бажычылар жана маңзатка каршы күрөшкөн органдардын кызматкерлери – бүт дал ушул жемкорлук схемасынын ичинде бекем олтургандар. Кыргызстанда өзү баюунун эки гана жолу бар. Биринчиси – наркотрафик. Экинчиси – жемкорлук. Биздеги ИИМ, УКМК, Прокуратура органдарынын бардыгы эле эмес, бирок, көпчүлүгү дал ушул “опоңой бизнеске” коркпостон киришип, ошол аркылуу гана кыска аралыкта ирденип жатышат десем таптакыр жаңылышпаймын.

          Эң өкүнүчтүүсү: Ооганстанда өндүрүлгөн маңзат акыркы жылдарда Эл аралык террорчуларды дагы туруктуу каржылап келаткандыгы байма-бай айтылууда. Демек, бул “Түндүк транзит” маңзат жолу тыйылбаса,  анын кеспети Кыргызстанга дагы жылдардан бир жылдарында куп тийээри анык…

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

           

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17