Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА ИШКЕР АКИМДИН ОРУН БАСАРЫНА ӨРТ КОЙДУ

 723 Бардыгы /

Кашкадарыя облусунун Яккабаг районунда жергиликтүү ишкер акимдин орун басарына бензин чачып, өрт коюп жиберди. Аткаминер анын эки кабаттуу үйүн жана цехин түрттүрмөк болгон.

Яккабаг районунун акиминин орун басары Мансур Туймаев ишкердин үйүнө жыйырмага чукул милиция кызматкери менен келген. Бульдозер айдоочусу имаратты түрттүрүүдөн баш тарткан соң, аткаминер иштеп жаткан бульдозердун багытын ишкердин дүкөнүн көздөй бурган.

Ишкер Туймаевге бензин чачып, ширеңке чагып жиберген. Чогулган кишилер өрттү өчүрүп, чиновникти ооруканага жеткиришти. Ал олуттуу жаракат алган эмес. Окуя 20-июлда болгон.

Бизнесмен кармалды, анын уулу жана аялы милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Жергиликтүү тургундар район акиминин орун басары Мансур Туймаев бир нече айдан бери жашоочулардын тынчын алып, үйлөрүн, дүкөндөрүн түрттүртүп жатканын белгилешүүдө.

Эл аралык “Хьюман Райтс Вотч” уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Стив Свердловдун айтымында, Мирзиёевдин башкаруусу учурунда жаңы имараттардын курулушу адам укуктарынын жапырт түрдө бузулушуна себеп болууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17