Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
729 Бардыгы / Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев Алматыда белгисиз адамдардын журналисттерге, анын ичинде «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчыларына кол салуусу боюнча комментарий берди. Министр айрым байкоочулардын кол салуу атайын уюштурулуп, ал мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнгөн болушу мүмкүн деген божомолдорун четке какты. «Андай эмес. Кечээ Алматыда басма сөз жыйыны башталар алдында эки тарап өз ара […]
730 Бардыгы / Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев Алматыда белгисиз адамдардын журналисттерге, анын ичинде «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчыларына кол салуусу боюнча комментарий берди. Министр айрым байкоочулардын кол салуу атайын уюштурулуп, ал мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнгөн болушу мүмкүн деген божомолдорун четке какты. «Андай эмес. Кечээ Алматыда басма сөз жыйыны башталар алдында эки тарап өз ара […]
КАЗАК ИИМИ ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ КОЛ САЛУУ АТАЙЫН УЮШТУРУЛГАН ДЕГЕН ВЕРСИЯНЫ ЧЕТКЕ КАКТЫ
23.07.2019 / Автор anarkan_kg731 Бардыгы /
Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев Алматыда белгисиз адамдардын журналисттерге, анын ичинде «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчыларына кол салуусу боюнча комментарий берди.
Министр айрым байкоочулардын кол салуу атайын уюштурулуп, ал мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнгөн болушу мүмкүн деген божомолдорун четке какты.
«Андай эмес. Кечээ Алматыда басма сөз жыйыны башталар алдында эки тарап өз ара урушуп кетишкен. Кийин алар бири-бирин бейбаштыкка айыптап, полицияга кайрылышты. Алардын арыздары каттоого алынды. Териштиребиз», — деди Тургумбаев.
Бирок 22-июлдагы окуяга күбө болгон адамдар «эки тараптын ортосунда эч кандай уруш болбогонун» билдиришүүдө. Алардын айтымында, белгисиз аялдардан турган топ Адам укуктары боюнча бюронун кеңсесине кирип барып, КазТАГ агенттигинин журналисттерине кол салып, алардын жабдууларын зыянга учуратышкан. Андан соң имаратка кирип келе жаткан «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Нургүл Тапаева менен видеооператор Токмолда Кусаиновго асылып, алардын видеокамерасын талкалап салышкан. Булардан тышкары муниципалдык «Алматы» телеканалынын журналисттери дагы кол салууга кабылышкан. Ал маалда Адам укуктары боюнча бюронун кеңсесинде «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылына катышы бар деген шек менен кармалган көп балалуу эне Оксана Шевчук менен жалгыз бой эне Гүлзипа Жаукерованын иши тууралуу басма сөз жыйыны башталганы жаткан. Азырынча кол салган аялдардын мындай аракеттеринин себептери белгисиз.
Полиция чакыруудан жарым саат өткөндөн кийин келген. Журналисттердин айтымында, ага чейин кол салгандар имараттан чыгып кетишкендиктен, полиция бир гана аялды кармоого жетишкен.
Кечинде Алматы шаардык полиция департаменти «Өзүм билемдик» беренеси боюнча тергөө иштери башталганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, басма сөз жыйынындагы окуядан кийин полицияга беш киши — жыйындын уюштуруучулары менен журналисттер арыз менен кайрылышкан. Ошол эле маалда дагы үч адам «иш-чара уюштуруучулары жана журналисттер алардын денелерине зыян келтиргенин» айтып, укук коргоо органдарына даттанышкан.
Бул «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчыларына жасалган биринчи жолку кол салуу эмес. 6-июлда белгисиз киши кабарчы Оркен Жоямерген менен оператор Ержан Амирхановго көздөн жаш агызуучу газ чачып кеткен. Алар Казакстандагы кармоо жараянын чагылдырып жүрүшкөн. Полицияга даттанышканы менен чара көрүлгөн эмес.
www.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg “БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ НАТЫЙЖАЛУУ МЕНЕДЖМЕНТ” АТТУУ СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg АЛИШЕР УСМАНОВ ГЕРМАНИЯДА АРАМ АКЧАНЫ АДАЛДООГО АЙЫПТАЛУУДА
-
11.05.2023 / Автор anarkan_kg БЫЙЛ VII ЭЛ АРАЛЫК ЭПОСТОР ФЕСТИВАЛЫ ОШ ШААРЫНДА ӨТКӨРҮЛӨТ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.