Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА 380ДЕН АШЫК КОЛЛЕДЖ КАЙРАДАН МЕКТЕП БОЛУП ТҮЗҮЛӨТ

 681 Бардыгы /

Өзбекстанда 1469 колледждин 383ү жалпы билим берүү мектеби болуп кайрадан түзүлөт. Бул тууралуу өлкөнүн Элдик билим берүү министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул чечимдин жыйынтыгында 2019-2020-окуу жылында мектептерде кошумча 224 миң окуучуга орундар түзүлөт.

Өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен түзүлгөн жумушчу топко колледж имараттарын, эмеректерин, окуу лабораторияларын жана спорттук шаймандарын элдик билим берүү системасына өткөрүп берүү иштерин уюштуруу тапшырмасы берилди.

Бийликке Шавкат Мирзиёевдин келиши менен Ислам Каримовдун тушунда калыптанып калган мектептердеги 9 жылдык билим берүү программасы жана 3 жылдык профессоналдык билим берүү системасы унутула баштаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17