Аймак

АШХАБАДДЫН ЧЕТИНДЕГИ КАЛКТУУ КОНУШТАР ТАЗА СУУСУЗ КАЛЫШТЫ

 652 Бардыгы /

Ашхабаддын четиндеги калктуу конуштар таза суусуз калышты. Борбор калаанын курамына кирген Гөкже, Ясмансалык жана Херрикгала айылдарында беш күндөн бери иче турган суу жок.

“Сууну эртең менен 7ден 9га чейин, кечкисин 19:00дөн 21:00гө чейин беришет. Идиши барлар толтуруп калат, айрымдар короонун ичине аң казып, бетондоп туруп суу толтурушууда. Айрымдары аны 10 тонналык резервураларда сактоодо”, – деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы.

Ясмансалык жана Херрикгала конуштарында алты миңдей үй-бүлө жашайт.

Күн мурун Ашхабаддын борбордук бөлүгүнө 40 градус ысыкта бир күн бою таза суу берилген эмес.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17