Аймак

ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН КАЗАКСТАН ДАГЫ БИР БАГЫТ БОЮНЧА АВТОБУС КАТТАМЫН ИШКЕ КИРГИЗДИ

 616 Бардыгы /

22-июлдан тарта “Узавтотранс Сервис” ишканасы Ташкенттен Казакстандын Кызылорда шаарына автобус каттамын ыраттуу жүргүзө баштады.

Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги Транспорт министрлигине таянуу менен билдирди.

“Yutong заманбап жана жайлуу автобусу Ташкенттин автобекетинен жергиликтүү убакыт боюнча 17:00дө чыгат. Жолдун узактыгы – 583 чакырым, убакыт – 10 саат 30 мүнөт, баасы – 80 000 сум (10доллар)”, деп айтылат маалыматта.

Автобустар “Гишткуприк” жана “Жибек Жоли” чек ара көзөмөл-өткөрмө бекеттерин басып өтөт.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17