Аймак

ТАЖИКСТАНДА СИМ-КАРТАЛАРДЫ КАЙРА КАТТООНУН МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУ СУНУШТАЛУУДА

 751 Бардыгы /

Тажикстан Ички иштер министрлиги президенттин аппараты менен бирге мобилдик абоненттердин сим-карталарын жаңы үлгүдөгү паспорттордун негизинде кайра каттоонун мөөнөтүн жылдырууну талкуулап жатат. Бул тууралуу 23-июлда Тажикстан ИИМинин башчысы Рамазон Рахимзода билдирди.

Министр паспорт столдору белгиленген мөөнөткө чейин бардык жарандарга ID-паспортторун берүүгө үлгүрбөй жатканын мойнуна алды.

Жаңы паспорттор (ID-карталар) боюнча сим-карталарды кайра каттоо мөөнөтү 2019-жылдын 15-августунда аягына чыгат. Буга байланыштуу паспорт бөлүмдөрү таңкы саат 8:00дөн 22:00гө чейин иштөөгө өткөн.

Февралда Тажикстан бийлиги сим-карталарды каттоо жаңы үлгүдөгү паспорттордун негизинде жана видеокамералардын байкоосунда жүргүзүлөрүн жарыялаган. Өкмөт кабыл алган токтомго ылайык, 1996-жылкы үлгүдөгү паспорттун ээлери аны 2014-жылкы үлгүдөгү ID-карталарга алмаштырууга милдеттендирилген.

Жашы жете электер сим-карталарды ата-энелеринин же камкорчуларынын кат жүзүндөгү макулдугу менен сатып ала алышат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17