Аймак

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ ОРУСИЯГА УЧУП КЕТТИ

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ ОРУСИЯГА УЧУП КЕТТИ

 1,523 Бардыгы /

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июлда Канттагы авиабаза аркылуу Орусияга учуп кетти. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, учактын ичинен тартылган сүрөттөрдү жарыялады.

Анын маалыматына караганда, Атамбаев менен чогуу КСДПнын төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Асел Кодуранова, КСДПнын төрагасынын орун басары Мурадыл Мадеминов, КСДПнын мүчөсү Ирина Карамушкина, өзү жана КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков кетти.

Жолдубаева Атамбаевди чакырган тарап РусДжет, ВС: RRJ-95B үлгүсүндөгү учакты жибергенин, аларды Москвада жолугушуулар күтүп турганын жазды. Бирок жолугушчу адамдардын атын ачык айткан жок.

Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча расмий тарап комментарий бере элек.

Мунун алдында Атамбаев Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүндө «бийликтин аны камакка алуусун алдын алып, Канттагы авиабаза аркылуу учууну чечкенин» билдирген. Ал авибазага жоон топ тарапташтарынын коштоосунда атайын даярдалган автоунаалар менен барды. Мурдагы президент Кыргызстанга кайра эртең, 25-июлда кайтып келерин айтты.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Буга чейин кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча ИИМ үч жолу Атамбаевди суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан. 22-июлда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү барган.

Мурдагы президенттин тарапкерлери аны суракка чакырууну саясий куугунтук деп, Чүйдүн Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө «элдик штаб» түзүп, топтолуп турушат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17