Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА МИРЗИЁЕВДИН НЕГИЗГИ ДЕМИЛГЕЛЕРИНИН ТИЗМЕСИ ТҮЗҮЛДҮ

ӨЗБЕКСТАНДА МИРЗИЁЕВДИН НЕГИЗГИ ДЕМИЛГЕЛЕРИНИН ТИЗМЕСИ ТҮЗҮЛДҮ

 964 Бардыгы /

Коомдук «Юксалиш» кыймылы жергиликтүү жана чет өлкөлүк эксперттердин арасында сурамжылоо жүргүзүп, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин негизги он демилгесинин тизмесин түздү.

Талдоочулар коңшу өлкөлөр менен мамилени жакшыртуу, чек араларды ачуу, көзөмөл-өткөрмө бекеттерин түзүү, Борбор Азиядагы бардык өлкөлөр менен конструктивдүү диалогду орнотуу Мирзиёевдин эң көрүнүктүү демилгеси болгонун белгилешкен.

Тизмеде орун алган калган демилгелери:

  1. Валюта рыногун либералдаштыруу, нак акча көйгөйүн чечүү— 90 добуш;
  2. Мажбурлап иштетүү тажрыйбасын жоюу — 79 добуш;
  3. Жогорку билим берүү системасын өнүктүрүү: ЖОЖдорго тапшыруу квоталарын көбөйтүү, улуттук жана чет өлкөлүк окуу жайлардын филиалдарын ачуу — 78 добуш;
  4. Медиа мейкиндигин кеңейтүү, ММКлардын коомдогу ролун күчөтүү — 69 добуш;
  5. Президенттин виртуалдык жана элдик кабыдама институттарын киргизүү — 63 добуш;
  6. Күч түзүмдөрүн жана укук коргоо органдарын реформалоо — 61 добуш;
  7. Салык реформасы — 59 добуш;
  8. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын өнүктүрүү — 58 добуш;
  9. Аймактык коопсуздукту камсыздоо чараларын кабыл алуу, Ооганстанда тынчтыкты орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жанданышы — 57 добуш.

Билдирүүдө президенттин демилгелерин сындаган комментарийлерге орун берилген эмес.

Шавкат Мирзиёев бүгүн, 24-июлда туулган күнүн белгилөөдө. Ал 62 жашка толду.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17