Аймак

ДҮЙНӨЛҮК БАНК ТАЖИКСТАНДАГЫ РОГУН ГЭСИНИН КУРУЛУШУН КАРЖЫЛООДОН БАШ ТАРТЫШЫ МҮМКҮН

 463 Бардыгы /

Эл аралык каржы уюмдары, анын ичинде Дүйнөлүк банк Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулушун каржылабай калышы мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкы билдирди.

Улуттук банктын төрага орун басары Жамолиддин Нуралиев адатта эл аралык каржы уюмдары жаңы башталып жаткан долбоорлорду каржылай турганын айтып, Рогун ГЭСинин курулушу болсо дээрлик аяктап калганын билдирди.

Ал Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен болгон быйыл апрелдеги жолугушуусун эске салды. Анда каржы уюму аталган долбоорду каржылоо ниети жок экенин билдирген.

Тажикстан Рогун ГЭСинин курулушуна негизинен өз каражатын жумшап келет. Өлкөнүн Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылы бул долбоорго мамлекеттик бюджеттен 222 миллион доллар бөлүнгөн.

Учурда ГЭСтеги алты агрегаттын экөөсү орнотулган. Аларга суу толтурулгандан кийин ишке берилет. Алгачкы агрегат былтыр 16-ноябрда орнотулган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17