Аймак

ТҮНДҮК КОРЕЯ ЭКИ РАКЕТАСЫН СЫНАДЫ

ТҮНДҮК КОРЕЯ ЭКИ РАКЕТАСЫН СЫНАДЫ

 606 Бардыгы /

Түштүк Корея аскерлери Түндүк Корея бери дегенде эки ракета учурганын маалымдады.

Франс Пресс агенттиги америкалык аткаминерге шилтеме жасап билдиргендей, Пхеньян жакынкы аралыктагы ракеталарын сынаган.

Ракеталар Жапониянын экономикалык зонасына жетпей деңизге түшкөн. Жапония Коргонуу министрлиги кабарлагандай, коопсуздукка коркунуч жаралган эмес.

Түндүк Корея май айында жакынкы аралыктагы бир нече ракетасын сынаган. Апрелде Ким Чен Ын жаңы типтеги тактикалык ракетаны учурууга катышкан. Америкалык талдоочулардын пикиринде, Пхеньян бул сыноолорду Вашингтонго кысым көрсөтүү үчүн колдонууда.

Буга чейин Түндүк Корея ММКлары өлкө калкы “сууда жана абада жашоого” даяр экенин, бирок чет өлкөлүк басымга жол бербей турганын маалымдаган. Пхеньян Вашингтондон жыл соңуна чейин “ийкемдүүлүк көрсөтүүнү” күтөрүн, болбосо коопсуздукту камсыздоонун “башка жолдорун” табарын кыйыткан. Талдоочулар кеп тыюу салынган курал-жарактарды сыноону жандандыруу жөнүндө болуп жатат деп эсептешет.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ким Чен Ын ушул жылдын февраль айында Вьетнамдын борбору Ханой шаарында жолуккан. Бирок жолугушуу майнапсыз жана белгиленген мөөнөттөн алда канча эрте аяктаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17