Аймак

ӨЗБЕКСТАН: ЫСЫКТА ДЫЙКАНДАРДЫ АВТОБУСКА КАМАГАН АТКАМИНЕРГЕ КАРАТА ТЕРИШТИРҮҮ БАШТАЛДЫ

ӨЗБЕКСТАН: ЫСЫКТА ДЫЙКАНДАРДЫ АВТОБУСКА КАМАГАН АТКАМИНЕРГЕ КАРАТА ТЕРИШТИРҮҮ БАШТАЛДЫ

 892 Бардыгы /

Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Касбий райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) башчысы Чори Кучаровдун мыйзамсыз аракеттери боюнча кызматтык териштирүү башталды. Бул маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан ырасташты.

Өткөн жумада милиция кызматкерлери Кучаровдун буйругу менен 50 градус ысыкта ондогон дыйканды автобустун ичине камап коюшкан. Анда Чори Кучаров пахтаны эки жолу катары менен сугарууга жол берген дыйкандар менен сугатчыларды ысык автобустун ичинде эки саат кармап жазалаганы кабарланган.

Жергиликтүү дыйкан Акрамжон Новотов бул окуя коомчулукка жайылып кеткенден кийин РИИБ башчысынын орун басары Ойбек Сафаров ишти тезирээк бүткөрүүгө аракет кылып жатканын билдирди.

– Мен ысыкта автобуска камалган дыйкандар жана сугатчылар менен сүйлөштүм. Милиция жетекчисинин орун басары аларды мурдагы көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, автобуста аз гана убакыт болушканын айтууга көндүрүүгө аракет кылып жатканын айтышты. Жабыркагандардын айрымдары анын бул өтүнүчүнө көнсө, башкалары макул болушкан эмес. Азыр ишти тезирээк токтотуу үчүн жергиликтүү бийлик дыйкандар менен сугатчылардан өздөрүнө керектүү түшүнүк каттарды жаздырып алууга аракет кылып жатышат», — деди Акрамжон Новотов.

Былтыр социалдык түйүндөрдө колдоруна таштарды көтөрүп, арыкта суу кечип турган бир нече адамдын сүрөттөрү жарыяланган. Кийинчерээк алардын Ташкент облусундагы дыйкандар экени белгилүү болгон. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мындай жол менен аларды буудай талаасынын сугарылбагандыгы үчүн жазалашкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17