Аймак

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ТҮРКИЯ ПАРЛАМЕНТИНИН ДЕПУТАТЫ ЙЫЛДЫРЫМ ТУГРУЛ ТҮРКЕШТИ КАБЫЛ АЛДЫ

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ТҮРКИЯ ПАРЛАМЕНТИНИН ДЕПУТАТЫ ЙЫЛДЫРЫМ ТУГРУЛ ТҮРКЕШТИ КАБЫЛ АЛДЫ

 691 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Улуттук улуу Жыйынын депутаты Йылдырым Тугрул Түркешти кабыл алды. Адегенде Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалына канааттангандыгын билдирди жана Кыргызстан үчүн Түркия бир тууган жана дос өлкө экендигин белгиледи.

Президент  Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы Кыргызстан менен Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 2014-жылдан бери өтпөй калган жыйыны өткөндүгүн эске салды. Ал соода-экономикалык байланыштарды өркүндөтүү жана экономикадагы келечектүү багыттарды аныктоо зарыл экендигине дагы токтолду. Түркия Улуттук улуу жыйынын депутаты Йылдырым Тугрул Түркеш кабыл алуусу үчүн терең ыраазылыгын билдирди жана парламенттер аралык диалогду активдештирүү эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө жакшы таасир этээрин белгиледи.

Соңунда Йылдырым Тугрул Түркеш Түрк тарап конструктивдүү диалог үчүн ар дайым ачык экендигин баса белгиледи жана Кыргызстан менен Түркия ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары карай дагы илгерилетүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17