Аймак

БАТКЕНДИН АК-САЙ АЙЫЛЫНДА АКЫБАЛ ТУРУКТАШМАЙЫНЧА ЧЕК АРА КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ КАЙТАРЫЛАТ

БАТКЕНДИН АК-САЙ АЙЫЛЫНДА АКЫБАЛ ТУРУКТАШМАЙЫНЧА ЧЕК АРА КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ КАЙТАРЫЛАТ

 1,494 Бардыгы /

БАТКЕН. Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү акыбал биротоло турукташмайынча, чекаралар мындан ары дагы күчөтүлгөн тартипте гана кайтарылат. Бул туурасында Кыргыз Чекара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев маалымдады.

Баткенде Кыргызстандан жана Тажикстандын вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков менен Азим Иброхим өз ара сүйлөшүштү. Анда тараптар абалды жөнгө салуу, жабылган жолдорду кайрадан ачууну макулдашышты. Ошентип, эки тараптын ачык диалогунун натыйжасында Исфана-Баткен-Исфара-Ворух жолдору мурдагыдай эле ачылып, кадимки тартипте иштей баштады. Жаңжалдан улам Баткен шаарындагы беш жерге жайгаштырылган айыл тургундары бүгүндөн баштап үйлөрүнө жеткирилүүдө. Анткени, Ак-Сайдын тургундары Кыргыз-Тажик чек арасындагы чатактан кийин Баткен шаарындагы кесиптик лицейдин, эки орто мектептин жана медресенин имаратына жайгаштырылган эле.

Айтмакчы, Кыргыз-Тажик чек арасындагы чатак 22-июль күнү ырбаган. Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочулары өз ара чырдашкан. Анткени, Ворух анклавнын тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушканда, аксайлыктар буга каршы чыгышкан. Кайым айтышуу учурунда бири-бирин ташка алып, ок дагы атылган. Мунун кесепетинен 14 кыргызстандык жаракат алган эле. Ал эми 23-июлда Тажик тараптан эки ирет ок атылып, кыргызстандык чек арачылардын бирөө дагы жараланган. Жолдор жабылгандыгына наарызыланган Баткен облустук акимчилигинин алдына митингге чогулушкан.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17