Аймак

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ЖАНА ТАЖИКСТАН ПРЕЗИДЕНТИ ЭМОМАЛИ РАХМОН БИРИ-БИРИНЕ САПАРЛАШАТ

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ЖАНА ТАЖИКСТАН ПРЕЗИДЕНТИ ЭМОМАЛИ РАХМОН БИРИ-БИРИНЕ САПАРЛАШАТ

 1,271 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусуна ылайык Исфара шаарына кыска мөөнөттүү жумушчу сапары менен барат. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Ал мамлекеттер башчыларынын бул өз ара сүйлөшүүлөрү пландуу экендигин, мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз болуп тураапын дагы кошумчалады.

Данияр Сыдыков сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо жараяндары дагы катуу талкууланарын белгиледи. Ошондой эле чек ара боюндагы облустардын Кыргызстан жана Тажикстан элдеринин ортосундагы ынак кошуналык мамилелерди жана достукту бекемдөөгө багытталган кызматташтыгын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалат.

Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы андан ары Чолпон-Ата шаарында улантылып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыктары чыгарылаарын кошумчалады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17