Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ЖАПОНИЯНЫН ТЮО РАЙОНУНУН ЖЕТЕКЧИСИ МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ЖАПОНИЯНЫН ТЮО РАЙОНУНУН ЖЕТЕКЧИСИ МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮ

 1,358 Бардыгы /

ТОКИО. Кыргыз Республикасынын Жапониядагы Элчиси М. Арстанбаев Токио борбор-калаа округунун Тюо атайын районунун мэри Тайто Ямамото менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тюо атайын району менен экономика жаатындагы жана маданий гуманитардык маселелер боюнча кызматташтыкты тереңдетүүнүн болочогу талкууланды. Т.Ямамото, Тюо-кунун Мэриясы, чет өлкөлүк коноктор жана Токионун дипломатиялык корпусунун катышуусу менен ар түрдүү маданий-массалык иш-чараларды өткөрүп турушаарын билдирип, Кыргыз Элчилигин бул иш-чаралдарга жигердүү түрдө катышууга үндөдү. Ал эми М.Арстанбаев мындай иш-чараларга колдоо көрсөтүгө даярдыгын билдирип, Кыргыз Элчилиги дагы, Токионун атайын райондорунда бизнес-форумдар, лекциялар, концерттерди өткөрүп келээрин баса белгиледи. Андыктан ал дагы, Тюо-куда дагы Кыргыз-Жапон эки тараптуу мамилелерин мындан ары тереңдетүгө багытталган иш-чараларды байма-бай өткөрүүнүн актууалдуулугун баса белгилешти.

Тараптар соңунда бирглешкен иштерди аныктоо максатында өз ара кеңешип-таңашууларды мындан ары дагы улантууну макулдашышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17